Пашиняндын уулун уурдоо аракети

Ашот Пашинянды уурдоого аракет кылган аялдын камакка алынгандыгы билдирилди.

1988090
Пашиняндын уулун уурдоо аракети

Арменияда Экинчи Карабах согушунда каза болгон аскердин энеси премьер-министр Никол Пашиняндын уулу Ашот Пашинянды уурдоого  аракет кылгандыгы айтылды.

Армениянын расмий маалымат агенттиги Арменперсстин Армения Тергөө Комитетинен алган кабарына караганда кечээ өзүн Экинчи Карабах согушунда каза болгон аскердин апасы деп тааныткан бир аялдын Ашот Пашинянды сүйлөшүү шылтоосу унаасына отурууга чакырды жана Пашинян унаага отурары менен жол эрежесине карабастан унааны айдай баштаган.

Аялдын унааны айдап баратып уулунун Экинчи Карабах согушунда өзүнөн уруксат алынбастан согушка алып барылгандыгын  айткан Ашот Пашинян аялдын өзүн Йерабур аскердик көрүстөнүнө алып барып өлтүрөрүн анткени жогото турган эч нерсесинин калбагандыгын айтканын билдирди. 

Пашинян унаа акырындаган учурда унаадан секиргендигин белгиледи. 

Жеңил жаралуу жол жээгинде күткөн Ашот Пашинянды башка бир унаанын сөзгөндүгү, бул унаадагы кишилердин да Экинчи Карабах согушунда каза болгон аскерлердин  ата  - энелери экендигин айтты. 

Ашот Пашинянды уурдоого аракет кылган аялдын камакка алынгандыгы билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар