Конго Демократиялык Республикасында акыркы эки айда 530 жаран каза болду

Конго Демократиялык Республикасынын чыгышында коопсуздук күчтөрү менен козголоңчу топтордун ортосунда уланып жаткан кагылышууда акыркы эки  айда 530 жаран каза болду.

1988070
Конго Демократиялык Республикасында акыркы эки айда 530 жаран каза болду

Конго Демократиялык Республикасы КДРнын чыгышында коопсуздук күчтөрү менен козголоңчу топтордун ортосунда уланып жаткан кагылышууда акыркы эки  айда 530 жаран каза болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Турукташтыруу Миссиясынын (MONUSCO) КДРдагы Итури кеңсесинин директору Марк Карна билдирүүсүндө, чыгыштагы Итури провинциясында козголоңчу топтор акыркы кездери чабуулдарын көбөйткөндүгүн билдирген.

Карна Итуриде акыркы эки айда болгон кол салууларда 530 жарандын каза болгонун, эң аз 1 миллион кишинин жер которууга аргасыз болгондугун айтты.

2014-жылдан бери өлкөнүн чыгышында аракеттенген козголоңчу топтордун кол салууларынан миңдеген жарандын каза болгондугу болжолдолууда.

Руанда, Уганда жана Бурунди менен чектеш  КДРнын чыгышында 20 жылдан ашык убакыттан бери алтын жана кобальт сыяктуу кендерди көзөмөлдөөгө аракет кылган куралдуу топтордун кол салуулар жана кагылышуулар болууда. 



Тектеш кабарлар