Орусия Финляндиянын банк эсептерин тоңдурду

Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги абалдын олуттуу экенин, бул боюнча иликтөө иштеринин жүрүп жатканын маалымдады.

1987721
Орусия Финляндиянын банк эсептерин тоңдурду

Орусия Финляндиянын Москвадагы элчилигинин жана Санкт-Петербургдагы башкы консулдугунун банк эсептерин тоңдурду.

Финляндияда басылып чыккан "Helsingin Sanomat" гезитинин маалыматына караганда, Орусия Финляндиянын өлкөдөгү элчилигинин жана башкы консулдугунун банк эсептерин тоңдурду.

Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги гезитке жасаган билдирүүсүндө, бул эсептерге кирүүнүн мүмкүн эместигин ырастады.

Министрлик абалдын олуттуу экенин жана теманы иликтеп жаткандарын маалымдады.  

Гезиттин кабарына караганда, Финляндия бул маселе боюнча орус бийлиги менен байланышып жатат.

Финляндиянын Москвада элчилик, Санкт-Петербургда да башкы консулдук болуп Орусияда эки өкүлчүлүгү бар.



Тектеш кабарлар