Мьянмадагы «Моча» бороону: 41 адам каза болду

Аракан аймагында ушул убакка чейин 41 кишинин сөөгүнүн табылганы кабарланды.

1987139
Мьянмадагы «Моча» бороону: 41 адам каза болду

Мьянмадагы «Моча» бороонунан каза болгондордун саны 41ге жетти.

Өлкөнүн батышында көптөгөн аймак суу астында калып Араканда ушул убакка чейин 41 кишинин сөөгүнүн табылганы кабарланды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, 100дөн ашуун адам дайынсыз жоголгондуктан каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деп кооптонуп жатышканын айтышты.

Бороондон таасирленген аймактарда линиялардын бузулушунан улам электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, катуу шамалдын себебинен көптөгөн балыкчы кайыктарынын жараксыз абалга келгени белгилүү болду.

Аракан аймагынын борбору Ситведе байланыш линияларын оңдоо иштеринин уланып жатканы жана көчөлөрдүн тазаланганы белгиленди.



Тектеш кабарлар