Эфиопияда болгон селде 45 киши каза болду

Эфиопияда 12-майдан бери нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден 45 киши каза болду.

1987282
Эфиопияда болгон селде 45 киши каза болду

Эфиопияда 12-майдан бери нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден 45 киши каза болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык жардамдарды координациялоо кеңсесинен (OCHA) берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Эфиопияда болгон сел көп сандаган кишинин каза болушуна жана материалдык чыгымга алып келди.

Сомали аймагындагы селден улам 45 киши каза болду.

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 35 миң адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болсо, 99 миң гектар айыл чарба жери да зыянга учурады.

Селден улам аймакта холера сыяктуу эпидемиялардын күчөшү мүмкүн экендиги эскертилди.

Эфиопия өкмөтү жана гуманитардык уюмдар кырсыктан жапа чеккен аймактарга гуманитардык жардам көрсөтүштү, бирок жардам жетишсиз болууда. 



Тектеш кабарлар