Чыгыш Ганада шахтанын урашынан улам 7 киши каза болду

Тарыхта "Алтын булуң" деп аталган Гана "Африканын эң чоң алтын өндүрүүчү өлкөлөрүнүн" катарына кирет.

1987281
Чыгыш Ганада шахтанын урашынан улам 7 киши каза болду

Чыгыш Гана провинциясында мыйзамсыз иштетилген шахтанын урашынан улам  алгачкы аныктамалар боюнча 7 киши каза болду.

Улуттук маалымат каражаттары билдиргендей, уроо Чыгыш провинциясынын Корле Тейе аймагындагы мыйзамсыз шахтада болгон.

Кырсыктан кийин издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 7 адамдын сөөгү табылды. Кырсыктан 5 адам аман калып, көп сандаган адамдан кабар алына албай жатат. 

Жергиликтүү тургундар шахтанын нөшөрлөгөн жамгырдан улам урагандыгын айтышууда.

Тарыхта "Алтын булуң" деп аталган Гана "Африканын эң чоң алтын өндүрүүчү өлкөлөрүнүн" катарына кирет.



Тектеш кабарлар