Техаста катуу куюн болду

Улуттук метеорология кызматы, аймакта ылдамдыгы саатына 177 километрге жеткен куюндун үйлөргө зыян келтирип, электр мамыларын кыйратканын кабарлады.

1986478
Техаста катуу куюн болду

АКШнын Техас штатында болгон куюндан кеминде 1 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды.

Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, ишемби күнү штаттын Рио-Гранде аймагында болгон куюн адам өмүрүн алып чоң зыянга учуратты.

Порт-Изабел полиция бөлүмүнүн социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө, 1 кишинин каза болгондугу, 2синин оор 11 кишинин жаракат алганы белгиленди.

Улуттук метеорология кызматы, ылдамдыгы саатына 177 километрге жеткен куюндун үйлөргө зыян келтирип, электр мамыларын кыйратканын кабарлады.

Жергиликтүү жетекчилер, "апаат" деп жарыяланган аймакта нөшөрлөп жааган жамгыр жана катуу шамал менен бирге жаңы куюндардын пайда болушу мүмкүндүгүн эскертишти.



Тектеш кабарлар