Макрон менен Зеленский Парижде жолугушту

Эки лидердин Украина-Орусия согушун айыптаганы белгиленди.

1986497
Макрон менен Зеленский Парижде жолугушту

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Франциянын борбору Парижде жолугушту.

Макрон менен Зеленскийдин 3 саатка жакын созулган жолугушуусуна байланыштуу Елисей сарайынан жарыяланган биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүдө, эки лидердин Украина-Орусия согушун айыптаганы белгиленди.

Орусиянын Украина жерлеринен аскердик күчтөрүн дароо жана шартсыз чыгарып кетиши керектигине басым жасалып, ошондой эле Франция менен Украинанын Орусияны Запорожье атомдук станциясынан чыгууга чакырганы маалымдалды.

Билдирүүдө Франциянын Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн жактаганы айтылды.

Париж башкаруучулугунун Украинага саясий, каржылык, гуманитардык жана аскердик колдоосун зарыл болгонго чейин уланта турганына көңүл бурулган билдирүүдө, Франциянын алдыбыздагы апталарда көптөгөн батальондорду машыктыра турганы, аларды ондогон зооттолгон жана жеңил танктар менен камсыздай турганы, аталган танктардын арасында AMX 10-RC тибиндеги жеңил согуштук танктардын да болоору белгиленди.

Ошондой эле билдирүүдө Париж бийлигинин аракеттерин «Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн колдоого» багыттаганы кабарланды.

Франция мурда Украинага 2 даана ДНК лабораториясын жөнөтүп, Украинанын тынчтык планын колдогонун билдирген.

Украина менен Франциянын Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү чакырыгына токтолгон билдирүүдө, Франциянын Украинанын Кара деңиз дан демилгесин улантуу аракетинин маанисине басым жасаганы айтылды.



Тектеш кабарлар