Россияда бир тик учак кырсыкка учурады
Крымда Ми-28 үлгүсүндөгү аскердик тик учак кырсыкка учурап, эки аскердин каза болгону кабарланды.
1985955
Крымда Ми-28 үлгүсүндөгү аскердик тик учак кырсыкка учурап, эки аскердин каза болгону кабарланды.
Россиянын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта МИ-28 үлгүсүндөгү аскердик тик учактын Крымда машыгуу учурунда кырсыкка учурагандыгы билдирилди.
Кырсыктан эки аскердин каза болгондугу белгиленген билдирүүдө алгачкы аныктамалар боюнча кырсыктын техникалык мүчүлүштүктөн улам болгондугу, окуяга байланыштуу иликтөө иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.
Россия Крымды 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялап алган.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.