АКШ - Кытай жогорку деңгээлдеги жолугушуусу

Ак үйдөн жана Кытай тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматтарда жолугушуунун  10 – 11 -  майда өткөндүгү билдирилди.

1985680
АКШ -  Кытай жогорку деңгээлдеги жолугушуусу

 АКШ менен Кытайдын ортосунда чыккан шар кризисинен бери  жогорку деңээлдеги  жолугушуу ишке ашырылды.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Кытайдын жогорку даражалуу дипломаты, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук тышкы карым  - катнаштар комиссиясы кеңсесинин директору Ванг Йи менен Австриянын борбор шаары Венада жолугушту.

Ак үйдөн жана Кытай тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматтарда жолугушуунун  10 – 11 -  майда өткөндүгү билдирилди.

Жолугушууда Вашингтон менен Пекиндин ортосунда февраль айында Кытайга таандык жогорку бийиктикте учкан шардын АКШ аба аянтына киришинен улам чыккан кризис жана мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин Кытайга жасоону пландаган сапарынын токтотулушунан бери өткөн эң жогорку деңгээлдеги дипломатиялык жолугушуу болду.

Ак үйдөн жасалган билдирүүдө тараптардын АКШ-Кытай эки тараптуу карым-катнашындагы маанилүү маселелер, ошондой эле глобалдык жана аймактык коопсуздук маселелер, Россия-Украина согушу, Тайвань кысыгынын эки тарабынын ортосундагы мамилелер тууралуу   «ачык, конкреттүү жана конструктивдүү» сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөнү белгиленди.  Ошондой эле  тараптардын ноябрда Индонезияда болгон Чоң жыйырмалыктын саммитинде АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын президенти Си Цзиньпиндин жолугушуусундагы  түшүнүшүүгө ылайык стратегиялык байланыш каналдарын улантуу боюнча макулдашкандары белгиленди.

Кытайдан берилген маалыматта тараптардын Кытай  -  АКШ карым  - катнаштарынын алдындагы бөгөттөрдүн жоюлушу жана туруктуулукту сактоо менен жаманга карай кетишин алдын алуу үчүн пикир алышууларда болушкандары белгиленди.

Эки жетекчинин Азия  -  Тынч океан аймагындагы абал, Украина кризиси жана башка орток кызыкчылык жараткан эл аралык жана аймактык маселелерге баа бергени белгиленген билдирүүдө Вангдын Кытайдын Тайванга карата позициясын кайталаганы маалымдалды.

Билдирүүдө тараптардын эки өлкөнүн жогорку мартабалуу дипломаты жана  коопсуздук жетекчисинин арасындагы бул стратегиялык байланыш каналынан пайдаланууну улантуу тууралуу макулдашкандары баса белгилени.



Тектеш кабарлар