Судандагы кагылышуулар уланып жатат
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму, Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда уланып жаткан кагылышууларда каза болгондордун саны 604кө, жаралуулардын санынын болсо 5127ге жеткенин билдирген.
Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда баш калаа Хартумдагы кагылышуулар кечээ да уланды.
Күбөлөрдүн айтымында, Судан армиясынын менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда борбор шаар Хартумдун Бахри аймагында айыгышкан кагылышуулар болду.
Бахринин Шамбат-эль-Аради, Шамбат- Шамал, Сафие жана Халфая райондорунда күчтүү жарылуулар жана оор артиллериянын үндөрү угулуп, армиянын согуштук учактарынын абада учуп жүргөнү байкалды.
Баш калаанын ар кайсы аймактарында да 26-күнүндө кагылышуулардын уланганы билдирилсе, Сауд Арабиянын Жидда шаарында эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө азырынча жылыш боло элек.
Ыкчам колдоо күчтөрү болсо армияга таандык 2 согуштук учакты атып түшүргөнүн маалымдады.
Судандын борбору Хартум жана башка шаарларда 15-апрель эртең менен Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму, Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда уланып жаткан кагылышууларда каза болгондордун саны 604кө, жаралуулардын санынын болсо 5127ге жеткенин билдирген.
Тектеш кабарлар
Француз жана испан дыйкандарынын нааразылыгы
Жүздөгөн трактор менен чек арага келген дыйкандар өтмөктү тосушту.