БУУ Афганистанда гуманитардык жардам көрсөтүүнүн үзгүлтүккө учурап жатканын билдирди

БУУнун баш катчысынын катчы орун басары Фархан Хак күнүмдүк пресс  - жыйынында Афганистанда аял кызматкрелер үчүн киргизилген тыюу салуу тууралуу суроолорго жооп берди.

1983322
БУУ Афганистанда гуманитардык жардам көрсөтүүнүн үзгүлтүккө учурап жатканын  билдирди

 БУУ Афганистанда Талибан башкаруусунун аял кызматкрелерге карата киргизген тыюу салуудан улам гуманитардык жардам көрсөтүү аракеттеринин үзгүлтүккө учурап жатканын билдирди.

БУУнун баш катчысынын катчы орун басары Фархан Хак күнүмдүк пресс  - жыйынында Афганистанда аял кызматкрелер үчүн киргизилген тыюу салуу тууралуу суроолорго жооп берди.

Афган калкынын гуманитардык муктаждыктарынын  абдан чоң экендигине көңүлдөрдү бурган Хак : «Бир сыноо менен бетме  - бет турабыз. Бир тараптан бул муктаждыктарды камсыз кылууга аракет кылып, бир тараптан да иштерибиз бул тоскоолдуктардан улам  аткарыла албай жатат. Афганистанда аял жана эркек бардык кызматкерлердин иштөөсүнө уруксаттын берилиши керектиги тууралуу мамилебиз өзгөргөн жок»,- деди.

Хак Афганистанга карата мамиле жана саясаттарын тынымсыз карап чыгууну улантып жатышкандарын жана ылайыктуу иш ыкмаларын табууга аракет кылышкандарын белгиледи.

Орчундуу милдеттеринин тышында аял жана эркек кызматкрелердин үйдөн иштеп жатышкандарын белгилеген Хак өлкөдө гуманитардык жардам иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Хак бир тараптан БУУнун кызматкерлеринин өмүрүн коркунучка салган кадамдардан алыс болууну уланта тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар