Сербияда дагы бир кол салуу болду

Борбор шаар Белградга жакын Младенвац шаарында 21 жаштагы бир киши жүрүп бараткан унаадан айланасындагы адамдарга ок атты.

1987297
Сербияда дагы бир кол салуу болду

Сербияда 9 киши каза болгон мектепке кол салуудан кийин дагы бир куралдуу кол салуу болду.

Борбор шаар Белградга жакын Младенвац шаарында 21 жаштагы бир киши жүрүп бараткан унаадан айланасындагы адамдарга ок атты.

Алгачкы маалыматтарга караганда, кол салууда 8 адам каза болуп, 13 киши жарадар болду.

Кол салуучу ошол эле унаа менен качып, аймакка көп сандаган полиция тобу жөнөтүлдү.

Кол салуучуну табуу үчүн тик учактар ​​жана учкучсуз учуучу аппараттар менен операция башталды.

Сербиянын ички иштер министри Братислав Гасич окуяны "террордук акт" деп мүнөздөдү.

Жеке куралдануу кеңири жайылган Сербияда шаршемби күнү 13 жаштагы кол салуучу мектепкекол салы, 8 окуучуну жана бир коопсуздук кызматкерин өлтүргөн.



Тектеш кабарлар