Хитроу аэропортундагы иш таштоо

Профсоюз 9-10-май жана 25-27-май күндөрү эки башка иш таштоону пландаштырган.

1982683
Хитроу аэропортундагы иш таштоо

Британияда иш таштоолордун акыркы дареги борбор шаар Лондондогу Хитроу аэропорту болду.

Коопсуздук кызматкерлери бүгүнтөн тарта иш ташташты.

4-6-май аралыгында 1400гө жакын коопсуздук кызматкери иш таштайт.

Профсоюз 9-10-май жана 25-27-май күндөрү эки башка иш таштоону пландаштырган.

Жүргүнчүлөр мүмкүн болуучу үзгүлтүктөр тууралуу эскертилди.

Хитроу жетекчилиги жүргүнчүлөргө аэропортко барардан мурун учуу абалын текшерүүнү сунуштады.

Хитроу аэропорту, жүргүнчүлөр иш таштоодон жабыркабашы үчүн чукул пландын ишке киргизилгенин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө эмгек акыны 10 пайызга жогорулатууга кошумча 1150 фунт стерлинг өлчөмүндө бир жолку төлөм сунушталды.

Апта ичинде Британия менен Уэльсте мугалимдер айлык акыны жогорулатуу боюнча өкмөт менен болгон талаш-тартыштан улам иш ташташкан.

Лондондо миңдеген мугалимдер Премьер-министрликке жөө жүрүшкө чыгышкан.



Тектеш кабарлар