АКШ Азербайжан-Армения сүйлөшүүлөрүн кубаттайт

АКШ Азербайжан менен Армениянын ортосунда жекшемби күнү башталган сүйлөшүүлөргө кожоюндук кылууда.

1982479
АКШ Азербайжан-Армения сүйлөшүүлөрүн кубаттайт

АКШда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, Азербайжан жана Армения сүйлөшүүлөрүндө жетишилген ийгиликтерди кубаттагандарын айтты.

Салливан Твиттердеги билдирүүсүндө, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоянды Ак үйдө тосуп алганына кубанычын билдирди.

«Армения менен Азербайжандын сүйлөшүүлөрдө жетишкен ийгиликтерин жана уланып жаткан диалогду кубаттайбыз»,-деген Салливан, туруктуу жана адилеттүү келишимдин эки өлкө менен аймак ​​үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ача турган ачкыч болорун белгиледи.

АКШ Азербайжан менен Армениянын ортосунда жекшемби күнү башталган сүйлөшүүлөргө кожоюндук кылууда. Ушул алкакта мамлекеттик катчы Энтони Блинкен дүйшөмбү күнү Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери менен жолугушкан.

Блинкен жекшемби күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген жана АКШнын колдоо убадасын кайталаган.



Тектеш кабарлар