Шойгу армияга жетиштүү сандагы ок-дарылар жөнөтүлгөнүн билдирди

Аскердик жетекчилер менен жолугушууда Шойгу Орусия-Украина согушу жана Батыштын аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

1981838
Шойгу армияга жетиштүү сандагы ок-дарылар жөнөтүлгөнүн билдирди

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу армияга жетиштүү сандагы ок-дарылар жөнөтүлгөнүн билдирди.

Аскердик жетекчилер менен жолугушууда Шойгу Орусия-Украина согушу жана Батыштын аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

Орус куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы согушун улантканын жана украин армиясынын жоготууга учураганын белгилеген Шойгу: «Батыш өлкөлөрүнүн болуп көрбөгөндөй аскердик колдоосуна карабастан, душман олуттуу жоготууларга учурап жатат. Акыркы бир айдын ичинде эле 15 миңден ашуун жоокеринен ажырады. Биздин жоокерлер 8 учак, 277 учкучсуз учуучу аппарат, 430 танк жана бронетехника,18 көп стволдуу ракета аткычтар, 225 гаубицалар жана минометторун жок кылды. Биз Украинанын куралдуу күчтөрүнүн муктаждыктарына ылайык Батыш жиберген куралдарды жок кылууну улантып жатабыз»,-деп айтты.

Өлкөсүндө коргонуу тармагында иш алып барган ишканаларга өндүрүштү арттыруу тапшырмасы берилгенин белгилеген Шойгу, аталган аймакта өкмөттүн буйруктарын аткаруу процессин көзөмөлгө алгандарын айтты.

Шойгу: «Натыйжада 2022-жылдын башына салыштырмалуу өзгөчө талап кылынган курал-жарактарды сатып алуу 7 эсеге, ал эми куралдын жалпы түрлөрүн сатып алуу 2,7 эсеге өстү. Душманды жеңүү үчүн Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө жетиштүү өлчөмдө ок-дарылар жеткирилди. Жалпысынан коргонуу тармагы армиянын жана флоттун муктаждыктарын канааттандырат.Бирок, ишканалардын милдеттенмелерин аткарбай калуу коркунучун өз убагында аныктап, керектүү чараларды тез арада көрүү керек»,-деди.

Коргонуу тармагында иш алып барган «Тактикалык ракеталык куралдар» заводунун мамлекеттик буйруктарды убагында аткарганын белгилеген Шойгу: «Тез арада жогорку тактыктагы куралдарды чыгаруунун көлөмүн эки эсе көбөйтүү зарыл»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар