Пакистанда сел жүрдү
Селден улам 14 киши каза болду.
Пакистанда дем алыш күндөн бери нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон кырсыктарда 14 киши каза болду. Пакистандын ар кайсы аймактарында 3 күн мурда башталган жамгырдан улам болгон кырсыктарда 14 киши каза болду адардын тогузу турист болгон. Полиция Пакистандын Азад Кашмир аймагындагы Нилам өрөөнүндө 9 туристти ташыган унаанын дарыяга кулагандыгын, узакка созулган издөө-куткаруу иштеринде туристтер табылбагандыгын билдирди.
Нөшөрлөгөн жамгырдан улам өлкөнүн түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында 4 адам, Синд провинциясынын борбору Карачиде бир бала каза болду.
Пакистадын премьер-министри Шахбаз Шариф кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү топторуна жана куршак жол жетекчилерин жер көчкү коркунучунан сак болууга чакырды.
Жаан-чачындын өлкөнүн айрым аймактарында бул жума бою уланышы күтүлүүдө.
Пакистанда өткөн жылы болгон селден 1739 адам каза болуп, 33 миллион киши кырсыктан жабыркаган.