Израиль аскерлери Батыш Шериада бир плecтиналыкты жаралады

Израиль күчтөрү палестиналыктарга каршы чыныгы жана металл ок менен көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

1981753
Израиль аскерлери Батыш Шериада бир плecтиналыкты жаралады

Израиль аскерлери  оккупациядагы Батыш Шерианын түштүгүндөгү Ел Халил шаарында бир палестиналыкты чыныгы ок менен жаралады. Көргөн  күбөлөр Ел Халилдин түндүгүндөгү Ел – Арруб качкындар лагеринин кире беришинде палестиналыктар менен Израиль аскерлеринин ортосунда кагылышуу  чыккандыгын айтышты.

Израиль күчтөрү палестиналыктарга каршы чыныгы жана металл ок менен көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Палестиналык  Cаламаттыкты сактоо боюнча жетекчилерден алынган маалыматка караганда Ел  -  Арруб качкындар лагеринде Израиль күчтөрү менен чыккан окуяда бир палестиналык бутунан чыныгы ок менен жараланды, ондогон киши да көздөн жаш агызуучу газдан жабыркады.

Израиль күчтөрү  акыркы мезгилдерде Батыш Шерианын түрдүү аймактарына тез  - тез рейд жүргүзүп, палестиналыктарды камакка алууда.

Израиль аскерлеринин бүгүн эрте мeнен оккупациядагы Батыш Шерианын Эриха шаарына жүргүзгөн рейдинде башынан атылган 17 жаштагы палестиналык Жибрил Eл – Леда каза болуп, 6 киши алардын ичинен үчөөсү оор жараланды.



Тектеш кабарлар