Иордания, Иордания, Сауд Арабия, Ирак, Египет жана Сирия бирдей пикирде

Иордания, Сауд Арабия, Ирак, Египет жана Сириядагы Башар Асад режиминин тышкы иштер министрлери сириялык качкындардын өлкөлөрүнө копсуз түрдө кайтууларынын алдыңкылык берилген маселе экендиги тууралуу бирдей пикирге арышты.

1981758
Иордания, Иордания, Сауд Арабия, Ирак, Египет жана Сирия бирдей пикирде

Иордания, Сауд Арабия, Ирак, Египет жана Сириядагы Башар Асад режиминин тышкы иштер министрлери сириялык качкындардын өлкөлөрүнө копсуз түрдө кайтууларынын алдыңкылык берилген маселе экендиги тууралуу бирдей пикирге арышты.

Иорданиянын тышкы иштер министри Айман ал-Сафеди, Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан, Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри жана Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн Иорданиянын борбору Амманда Сириядагы Башар Асад режиминин тышкы иштер министри Фейсал ал-Микдад менен жолугушту.

Басма сөзгө жабык өткөн жыйыдан кийин жарыяланган жыйынтыктоочу декларацияда : «Иордания, Сауд Арабия, Ирак жана Египеттин тышкы иштер министрлери Сирия кризиси менен анын эл аралык жана аймактык чагылууларынын акырына чыгышына алдыңкылык беришкендерин такташты»,- деп айтылды.

Министрлердин Асад режиминин тышкы иштер министри Микдад менен «сүйлөшүүлөр» темасында макулдашууга жетишкенине көңүл бурулган жыйынтыктоочу декларацияда, БУУнун аракеттери менен шайкеш келе турган бул сүйлөшүүлөрдүн календарына  кийинчерээк чечим чыгарылары тууралуу маалыматка орун берилди.

Амманда өткөрүлгөн тышкы иштер министрлеринин жыйынында жыйынтыктоочу декларацияда «Сириялык качкындардын өз ыктыяры менен жана коопсуз түрдө өлкөлөрүнө кайтуулары артыкчылыктуу маселе экени» баса белгиленип, качкындарга байланыштуу кадамдардын тез арада ташталышы керектиги белгиленди.

Декларацияда Асад режиминин баш калкалоочулар кайтып келе турган аймактардын муктаждыктарын БУУнун агенттиктери менен координациялоо менен аныктай тургандыгы баса белгиленип, качкындардын кайтып келишин жеңилдетүү үчүн кээ бир кадамдардын таштала тургандыгы бидирилди.

Асад режими жана Амман өкмөтүнүн биринчи этапта 1000ге жакын сириялык баш калкалоочунун Иорданияга өз ыктыяры менен кайтуусу үчүн БУУнун тиешелүү мекемелери менен кызматташа тургандыгы, Иорданиядан кийин башка өлкөлөрдү да камтый тургандай түрдө чамбардын кеңейтилери айтылды.

Жыйынтыктоочу декларацияда Сирия аймагындагы террордук топторду жок кылуу үчүн  Асад режими, тиешелүү өлкөлөр жана БУУ менен биргелешип комплекстүү күрөш жүргүзүү боюнча макулдашылганы баса белгиленди.

Жыйынтыктоочу декларацияда Сириянын Конституциялык комитетинин ишин эң кыска мөөнөттө кайра баштоосуна шарт түзө турган кадамдарды таштоо боюнча келишимге жетишилгендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар