Ракты аныктоочу жасалма интеллект элементи

Рак дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн негизги себептеринин бири болуп саналат.

1981415
Ракты аныктоочу жасалма интеллект элементи

Илимпоздор ракты мурунку элементтерге караганда жогорку тактык менен аныктаган жасалма интеллекттин элементин иштеп чыгышты.

Рак дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн негизги себептеринин бири болуп саналат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын 10 миллионго жакын адам рактан көз жумат. Бирок, эрте диагноз коюу жана дарылоо өмүрдү сактап калышы мүмкүн.

Рак оорусун аныктоодо жаңы жасалма интеллект элементинин колдонула турганы билдирилди.

Британиядагы Рак изилдөө институтунун адистери тарабынан иштелип чыккан жасалма интеллект элементи компьютердик томографияда байкалган анормалдуу өсүүлөрдүн рактан улам келип чыгышын аныктай алат.

Lancet's eBioMedicine журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, сөз болуп жаткан алгоритм учурдагы методдорго караганда дагы натыйжалуу иштейт.

Royal Marsden доктору Бенжамин Хантер келечекте бул ыкма эрте диагностиканы жеңилдетип, эрте кийлигишүү менен дарылоодо ийгиликтүү болоорун түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар