Иран Маршалл аралдарынын желеги илинген танкердин кармалганын ырастады

Колго түшүрүлгөн кеменин өткөн түнү Перс булуңунда ирандык кеме менен кагышып, кырсыкта ирандык эки экипаждын дайынсыз жоголгону жана кээ бирлеринин да жаракат алганы белгиленди.

1980559
Иран Маршалл аралдарынын желеги илинген танкердин кармалганын ырастады

Иран Маршалл аралдарынын желеги илинген мунай танкерин колго түшүргөнүн ырастады.

Иран деңиз күчтөрүнүн билдирүүсүндө, конфискацияланган кеменин өткөн түнү Перс булуңунда ирандык кеме менен кагышып, кырсыкта ирандык экипаждын эки мүчөсүнүн дайынсыз жоголгону жана кээ бирлеринин да жаракат алганы белгиленди.

Кеменин андан соң Араб деңизинде флот тарабынан аныкталганы кабарланды.

Маршалл аралдарынын желеги илинген кеменин соттун өкүмү менен «эл аралык деңиз эрежелерин бузгандыктан» конфискациялангандыгы жана Иран жээктерине чыгарылганы айтылды.

АКШнын Аскер деңиз күчтөрү Маршалл аралдарынын желеги илинген "Advantage Sweet" аттуу мунай танкеринин Оман булуңунда эл аралык сууларда сүзүп жүргөндө Ирандын революциялык сакчылары тарабынан кармалганын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар