Йеменде болгон кол салууларды Ал Каида моюнга алды

Ал  Каида соцтармак аркылуу Эбяндагы  кол салуулар тууралуу  маалымат жарыялады.

1980810
Йеменде болгон кол салууларды Ал Каида моюнга алды

Йеменде террордук уюм Ал Каида  өлкөнүн түштүгүндөгү Эбян облусунда болгон жана Бириккен Арап Эмирликтери колдогон Түштүк Өткөөл Кеңешине  караштуу жогорку мартабалуу бир командирдин өлүмү менен бүткөн кол салууларды моюнга алганын жарыялады. 

Ал  Каида соцтармак аркылуу Эбяндагы  кол салуулар тууралуу  маалымат жарыялады.

Эбянда бири биринин артынан Түштүк Өткөөл Кеңешинин күчтөрүн бутага алган 3 жарылуунун болгондугу тууралуу маалыматка орун берилген билдирүүдө Түштүк Өткөөл Кеңешине караштуу Үчүнчү батальондун командири Февзи Шайиф ел-Бекри да каза болгон кол салуулардын жоопкерчилигин уюмдун өзүнө алганы баса белгиленди.

Түштүк Өткөөл Кеңешине караштуу Хизам Эмни күчтөрүнө таандык аскердик унаа Эбяндын Мудие районунда бара жатып жолго жайгаштырылган бомба жардырылды.

Окуяда унаадагы Хизам Эмниеге караштуу Үчүнчү  батальондун командири Бекри жана 2 киши да жараланган. 

 



Тектеш кабарлар