Германия менен Францияда добуш берүү процесси башталды

Франциянын 6 шаарында да добуш берүү процесси башталды.

1980170
Германия менен Францияда добуш берүү процесси башталды

Германия менен Францияда Түркияда 14-майда боло турган Президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоолор үчүн добуш берүү процесси башталды.

Түркиянын тышында эң көп шайлоочу жайгашкан Германиянын 16 шаарындагы шайлоочулар жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн тарта Түркияда 14-майда боло турган Президенттик жана парламенттик шайлоолор үчүн добуш бере башташты.

Добуш берүүнү каалагандар таң эрте Түркиянын Кельн шаарындагы башкы консулдугунун алдында узун кезекке турушту.

Кельн башкы консулдугунда курулган 12 үкөктө шайлоочулар өз добушун бере башташты.

Түркиянын Германияда Берлин, Гамбург, Ганновер, Мюнстер, Эссен, Дюссельдорф, Кельн, Майнц, Франкфурт, Карлсруэ, Штутгарт, Мюнхен жана Нюрнбергде башкы консулдуктары бар.

Бул шаарлардан тышкары Түркиянын ардактуу консулдуктары жайгашкан Аахен, Бремен жана Регенсбург шаарларында да кошумча үкөктөр орнотулду.

Франциянын 6 шаарында да добуш берүү процесси башталды.

Франциядагы түрктөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн баштап Париж, Марсель, Страсбург, Лион, Нант жана Бордодогу шайлоо участкаларында добуш бере баштаса, бул шаарлардагы түрк шайлоочулар биринчи турда 9-майга чейин добуш бере алышат.

Францияда жашаган түрк шайлоочулар 29-апрелден 1-майга чейин Мюлуз, Клермон-Ферран жана Ингре шаарларында да добуш бере алышат.

800 миңге жакын түрк жараны жашаган Францияда 397 миң 86 түрк шайлоочу бар.



Тектеш кабарлар