Бразилияда Telegram мессенджер кызматына убактылуу тыюу салды

Бразилияда федералдык сот неонацисттик топтордун лидерлери тууралуу маалыматты полиция менен бөлүшүүдөн баш тарткан Telegram мессенджер кызматына убактылуу тыюу салды.

1980128

Бразилия Чалгындоо директорлугунун билдирүүсүнө караганда Google, Apple жана төрт бразиялык телекоммуникациялык компанияларына Telegramды тиркеме дүкөндөрүнөн жана башка платформаларынан алып салууга буйрук берилди.

Telegram маалымат берүүдөн баш тартууну уланта турган болсо, ага күнүнө 198 миң доллар айып салынат.

Полиция ноябрь айында Аракрустагы эки мектепте төрт адамды өлтүрүп, бир нече  адамды жарадар кылган 16 жаштагы адамдын Telegram топторунда антисемиттик мазмунду таратып жүргөнүн аныктагандан кийин  маалыматка кирүүнү талап кылган.

Полициянын Telegramдан талап кылган маалыматтарда кыйноо менен өлтүрүүлөрдү чагылдырган видоелор, бомба жасоо видеолору, азчылыктарга карата жек көрүүнү колдогон матреиалдарн бөлүшүлгөндүгү белгиленди.

Тергөөчүлөр экстремисттик топтун мүчөлөрү менен башкаруучулардын ортосундагы байланыштар жана топтун  киши өлтүргүчтүн кылмышын аткарышы үчүн тасир берип же бербегендиги тууралуу дагы көп нерсе билүүдөн үмүттүү.

Тектеш кабарлар