Макрон Кытайдын Франциядагы элчисине каршылык көрсөттү

Франциянын президенти Эмманеэль Макрон Кытайдын Франциядагы элчисинин мурдагы советтик өлкөлөрдүн статустары тууралуу комментарийине  каршылык көрсөттү.

1979213

Түндүк деңизи саммити үчүн Бельгияга барган Макрон француз BFMTV каналына берген маегинде кытайлык элчи Лу Шайени сындап : "Мындай тилди бир дипломат колдоно албайт",- деди. 

Макрон Кытай элчисинин сөздөрү тууралуу кайрылып жаткан өлкөлөр менен тилектеш экенин баса белгиледи.

Кытай элчиси Франциянын TF1 телекөрсөтүүсүнө берген маегинде : "Эл аралык укукта мурдагы советтик республикаларынын да статустары жок. Эл аралык укукта эффективдүү статустары жок анткени эгемен өлкө катары статустары  бир келишим менен такталган жок",- деген.

Европа Биримдиги жана айрым өлкөлөр Кытай элчисинин сөздөрүн катууга сынга алышкан.

Тектеш кабарлар