Эквадордо жер көчкүдөн каза болгондордун саны көбөйдү
Кырсыктан каза тапкандардын санынын 43кө жеткени, дайынсыз жоголгондорду издөө иштеринин уланганы кабарланды.
Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо 27-мартта болгон жер көчкүдөн каза тапкандардын саны 43кө жетти.
Эквадордун Улуттук тобокелдиктерди башкаруу катчылыгынын билдирүүсүндө, Чимборазо облусунун Алауси шаарчасында катталган жер көчкүдөн каза болгондордун көбөйгөндүгү белгиленди.
Кырсыктан каза тапкандардын санынын 43кө жеткени, дайынсыз жоголгондорду издөө иштеринин уланганы кабарланды.
Жер көчкү коркунучунан улам аймактан 1000ге жакын адамдын эвакуацияланганы, иш-аракеттердин кылдаттык менен уланып жатканы айтылды.
Жетекчилер жер көчкүдөн 163 үй зыян тартып, 57 үйдүн толугу менен кулап калканын билдиришти.
Жергиликтүү маалымат каражаттары аймактагы тоодо бир канча убакыттан бери жаракалар пайда болуп, жер көчкүнүн жүрүшүнө себеп болгонун айтышты.
Эквадордун Транспорт жана коомдук иштер министрлиги, жабылган жолдордун кайрадан ачылуусу үчүн тынымсыз иштеп жатышканын жана Чимборазо штатында 30-мартта "өзгөчө кырдаал" жарыялагандарын кабарлаган болчу.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.