Украинадан уурдалган балдар

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрага орун басары Вера Журова Россиянын Украинадан уурдаган балдардын саны 16 миңден ашканын билдирди.

1977208
Украинадан уурдалган балдар

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрага орун басары Вера Журова Россиянын Украинадан уурдаган балдардын саны 16 миңден ашканын билдирди.

Европа Парламентинин Башкы ассамблеясында Россия уурдаган украиналык балдар жана Эл аралык кылмыш сотунун бул тууралуу чыгарган  Россиянын президенти Владимир Путинди кармоо буйругу боюнча  Журова менен Европа Биримдигинин кезектешкен башкаруучусу,  Швециянын Европа иштери боюнча министри Жессика Росваллдын катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Журова Эл аралык кылмыш сотунун Украинада иштелген кылмыштар тууралуу  жүргүзгөн териштирүүнүн негизинде Россиянын президенти Владимир Путин жана Россиянын Балдар укуктары боюнча комиссары Мария Алексеевна Лвова  -  Белова тууралуу согуштук кылмыш кылды деген негиз менен кармоо чечимин чыгаргандыгын эске салып, мунун согуштун башынан бери чыгарылган биринчи чечим экендигин, ошондуктан бул темага берилген маанини көрсөткөнүн баса белгиледи.

«Эвакуация шылтоосу менен Россия  2022 – жылы кенен оккупациясын баштагандан мурда украиналык балдарды өлкөнүн өкмөт көзөмөлүнүн тышындагы жерлерден Россияга мажбурлоо менен өткөрүп жана депортациялай баштаган»,- деген  Журова мындай абалды көптөгөн украиналык жана эл аралык уюмдардын билдиргенин айтты.

Журова Украинадан уурдалган балдардын саны 16 миңден ашуун экендигин белгилеп, украиналык согуш балдары платформасынын билдиргенине караганда ушул кезге чейин 361 гана баланын өлкөгө кайткандыгын айтты.

 «Мыйзамсыз депортациянын натыйжасында бала асыроо кылмыш жана ага жол берилбейт»,- деген Журова Россиянын кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартылышына шарт түзүү үчүн көрүлгөн кадамдар тууралуу буларды айтты : «Комиссия өзгөчө Европа Биримдигинин кылмыш  - жаза адилеттиги боюнча кызматташуу агенттигинин далил чогултуу жана сактоо жоопкерчилигин кеңейтти жана биргелешкен териштирүү тобун колдоо максатында мыкты камсыздалышы үчүн күчөтүлдү.

Eurojust мындай эл аралык кылмыш болуп эсептелинген адамдарга каршы кылмыштык иликтөөнү жана куугунтуктоону координациялоо укугуна ээ. Прокуратуранын талабы боюнча, биргелешкен териштирүү тобунун курамындагы компетенттүү улуттук органдар буга чейин балдардын депортацияланышы боюнча маалымат жана далилдерди  бөлүшкөн жана бөлүшүүнү мындан ары да улантышы мүмкүн.

Биргелешкен тергөө тобунун алкагында түзүлгөн жана Eurojust тарабынан уюштурулган Украинага каршы агрессия кылмышын териштирүүгө карата Эл аралык борбор тергөөлөрдү координациялоо жана тиешелүү далилдерди берүү үчүн структураны камсыздайт. Eurojust жөнүндөгү жобо агенттиктин Украинада жасалган эл аралык кылмыштардын далилин сактоо жана талдоо үчүн маалымат базасын түзүүгө мүмкүндүк берүү үчүн өзгөртүүлөр киргизилди».

Журова : «Алдыда биз украиналык балдарды мыйзамсыз мажбурлап депортациялоо же өткөрүп берүү үчүн күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы жана украиналык балдардын үй-бүлөлөрүнө аман-эсен кайтарылышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар