Нью - Йоркто унаа токтотуучу жай кулап бир адам каза болду

АКШнын Нью-Йорк шаарынын Манхэттен аймагында унаа токтотуучу жай кулап, бир адам каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алды.

1976948
Нью  -  Йоркто унаа токтотуучу жай кулап бир адам каза болду

АКШнын Нью-Йорк шаарынын Манхэттен аймагында унаа токтотуучу жай кулап, бир адам каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алды.

Нью-Йорктун өрт өчүрүү кызматынын  билдирүүсүнө ылайык, Манхэттендин түштүк районунда унаа токтотуучу жай жарым-жартылай кулаган.

Алгачкы маалыматтарга караганда, 1 адам каза болуп, көптөгөн адам жараланган.

Өрт өчүрүү кызматкерлери имаратта алты жумушчунун болгонун, алардын төртөөсүнүн ооруканага жаткырылганын, бирөөсүнүн медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартканын билдирди.

Социалдык медиада бөлүшүлгөн сүрөттөрдө ураган  имараттын урандыларынан сыныктардын жогору карай көтөрүлүп, адамдардын кыйкырып жаткандыгы аныкталды.

Жакынкы аймакта жайгашкан Пэйс университети окуядан улам сабактарды токтотконун жана оопсуздук үчүн студенттердин  аймактан алыс болушу керектигин жарыялады.


 



Тектеш кабарлар