Макрон элге кайрылуу жасады

Макрон элге кайрылуусунда пенсия курагын 62ден 64кө көтөргөн реформага каршы жалпы улуттук нааразылык акцияларына баа берди.

1976325
Макрон элге кайрылуу жасады

Франциянын президенти Эммануэль Макрон талаштуу пенсия реформасынын "зарыл" экенин айтты.

Макрон элге кайрылуусунда пенсия курагын 62ден 64кө көтөргөн реформага каршы жалпы улуттук нааразылык акцияларына баа берди.

Реформадан келип чыккан ачууланууну түшүнүп жатканын бирок жөнгө салуунун зарыл экенин айткан Макрон: «Ар бир адамдын пенсияга чыгышын камсыз кылуу үчүн бул өзгөртүүлөргө муктаждык бар»,- деди.

Макрон көбүрөөк иштөөнүн бүтүндөй өлкө үчүн гүлдөп-өнүгүүнү жаратарын жүйө келтирди.

Баалардын жогорулаганын жана кирешелеринин көптөгөн француздардын жакшы жашашына жол бербегенин билдирген Макрон, бул кайрылуусунун өлкөнүн нааразылык акцияларынан жана иш таштоолордон алысташына жардам берерине үмүттөнгөнүн айтты.

16-мартта Францияда өкмөттүн пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүүнү көздөгөн мыйзам долбоорун добушка койбостон кабыл алуу чечиминен кийин массалык демонстрациялар башталган.

Өлкө боюнча 16-марттан берки нааразылык акцияларында 1000ден ашуун адам камакка алынды.



Тектеш кабарлар