Польша жана Венгриядан эгин импорттоо чечими

Эки өлкө Украинадан келген дан жана азык-түлүккө убактылуу тыюу салуу чечимин кабыл алды.

1975837
Польша жана Венгриядан эгин импорттоо чечими

Польша менен Венгрия жергиликтүү продукцияларын коргоо үчүн Украинадан эгин жана башка азык-түлүктөрдүн импорттолушуна тыюу салды. Бул чечимге Европа Биримдиги (ЕБ) каршылык көрсөттү.

Евробиримдиктин айыл чарба жана соода боюнча жооптуу өкүлү Мириам Гарсиа Феррер: «бир тараптуу аракеттер кабыл алынгыс» деп кабарлады.

Польша менен Венгриянын тыюу салууга байланыштуу билдирүүлөрүн жакындан байкашкандарын белгилеген Феррер: «Соода саясаты ЕБнин өзгөчө ыйгарым укуктарында. Ошондуктан бир тараптуу кыймылдар кабыл алынгыс»,-деди.

Феррер оор мезгилде ЕБ ичиндеги бардык чечимдерди координациялоо жана шайкеш келтирүүнүн абдан маанилүү экенин айтты.

2022-жылдын 24-февралында Орусия-Украина согушунун башталышы жана Кара деңиз портторунан узак убакыт бою жүк ташуу мүмкүн болбогондуктан, Украинанын эгин жана азык-түлүктөрүнүн олуттуу бөлүгү Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүнө жөнөтүлө баштаган.

Мындай абалга өзгөчө аймактагы мамлекеттердин жергиликтүү өндүрүшчүлөрү нааразы болушкан.

Польша менен Венгриянын фермерлери Украинадан арзан айыл чарба импортун токтотууну көптөн бери каалап келишет.

Айрыкча Польшада дыйкандар бул маселе боюнча тез-тез нааразылык акцияларын уюштурушууда.

Эки өлкө Украинадан келген дан жана азык-түлүккө убактылуу тыюу салуу чечимин кабыл алды.

Польша аталган продукциянын транзитине да уруксат берилбей турганын жарыялады.

Тыюу салынган азыктардын тизмесине дан, кант, сүт жана сүт азыктары кирет.



Тектеш кабарлар