Хуситтер Орозо айттан кийин Сауд Арабия делегациясы менен кайрадан жолугушат

Хуситтердин жогорку саясий кеңешинин төрагасы Мехди эл-Мешат, Сауд Арабия жана Оман делегацияларынын өткөн жумада хусит бийликтери менен өткөргөн жолугушууларына байланыштуу билдирүү жасады.

1975431
Хуситтер Орозо айттан кийин Сауд Арабия делегациясы менен кайрадан жолугушат

Йеменде Иран колдогон хуситтер, Орозо айттан кийин Сауд Арабия делегациясы менен кайрадан жолугушуу чечимине келгендерин жарыялашты.

Хуситтердин жогорку саясий кеңешинин төрагасы Мехди эл-Мешат, Сауд Арабия жана Оман делегацияларынын өткөн жумада хусит бийликтери менен өткөргөн жолугушууларына байланыштуу билдирүү жасады.

Хуситтерге таандык SABA кабар агенттигинде жарыяланган билдирүүсүндө Мешат жогорку деңгээлдеги хуситтерди сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматтандырганын айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн көп жагынан оң болгонун белгилеген Мешат, Сауд Арабия делегациясы менен Орозо айттан кийин кайрадан жолугушуу үчүн макулдашкандарын айтты.

Бир аз убакыттан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптар менен жолугушкан Сауд Арабия менен Оман делегациялары,Йеменде ок атышпоо келишимин жаңыртуу боюнча эл аралык жана аймактык аракеттердин алкагында 8-апрелде Иран колдогон хуситтердин көзөмөлүндөгү Санада байланыштарды баштап, 13-апрелде Санадан кеткен.

Сауд Арабиясы менен Оман делегацияларынын «ок атышпоо келишимин жаңыртуу жана Йеменде туруктуу саясий чечимге жетишүү» үчүн даярданууларынын алкагында, Иран колдогон хуситтер көзөмөлдөгөн баш калаа Санага сапары өлкөдө көп жылдардан бери уланып жаткан жарандык согуштун нугун өзгөртүшү мүмкүн деп болжолдонууда.

Йеменде Иран колдогон хуситтер 2014-жылдын сентябрынан бери борбор Сана жана кээ бир аймактарды көзөмөлдөп турушат.

Сауд Арабия жетектеген коалиция күчтөрү 2015-жылдын март айынан бери хуситтерге каршы Йемен өкмөтүн колдоп келген.



Тектеш кабарлар