Израиль тарабынан 21 палестиналык кармалды
Бул тууралуу Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматында орун алды.
Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада жана Кудста 21 палестиналыкты кармады.
Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Израиль күчтөрүнүн Кудста жана Батыш Шерианын көптөгөн аймактарында палестиналыктарды кармоо операциялары уланды.
Израиль аскерлери Кудста 3ү бала болгон 13 палестиналыкты, Батыш Шериада 8 палестиналыкты кармады.
Басып алынган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста үйлөрдү тез-тез басып алган Израиль күчтөрү, палестиналыктарды түрдүү айыптоо менен камоодо. Рейддерге реакция кылган палестиналыктар менен Израиль аскерлеринин ортосунда мезгил-мезгили менен тирешүүлөр болуп жатат.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 228 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.