Орусиянын Тынч океандагы аскер-деңиз флотунун даярдыгы
РИА агенттиги маалымат берди.
1975051
Орусия өзүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган текшерүүнүн алкагында Тынч океандагы аскер-деңиз флотун жогорку даярдык режимине өткөрдү.
РИА агенттигинин маалыматына караганда, коргоо министри Сергей Шойгу: «Бул текшерүүнүн негизги максаты – Куралдуу Күчтөрдүн океан жана деңиз багытындагы ыктымалдуу душман чабуулунун мизин кайтаруу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу», - деди.
Башкы штабдын төрагасы Валерий Герасимов да текшерүүнүн алкагында Орусиянын деңиз күчтөрүнүн машыгуу аймактарына жайгаштырылып, күжүрмөн машыгууларды өткөрө турганын билдирди.