Орусия Украинага 82 аскеринин сөөгүн кайтарды

Билдирүүдө сөөктөрдү кайтаруунун Женева конвенциясына ылайык жүргүзүлгөнү айтылды.

1975112
Орусия Украинага 82 аскеринин сөөгүн кайтарды

Орусия Украинага 82 аскеринин сөөгүн кайтарды.

Украинанын Убактылуу оккупацияланган аймактарын реинтеграциялоо министрлигинен берилген маалыматта, украин аскерлеринин сөөгү Орусия тарабынан аннексияланган аймактардан чыгарылганы белгиленди.

«Бүгүн 82 украиналык жоокердин сөөгүн үйлөрүнө алып келүүгө мүмкүн болду»,- деп кабарланган билдирүүдө сөөктөрдүн Украинанын дайынсыз жоголгондор боюнча комиссариатынын башкармалыгынын колдоосу жана укук коргоо органдары менен биргеликте "убактылуу оккупацияланган" Украина аймагынан чыгарылганы маалымдалды.

Билдирүүдө сөөктөрдү кайтаруунун Женева конвенциясына ылайык жүргүзүлгөнү айтылды.



Тектеш кабарлар