Норвегия 15 орус дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды

Норвегия Россиянын Ослодогу элчилигинде иштеген 15 дипломатты "тыңчы" деген шектенүү менен өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

1975058
Норвегия 15 орус дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды

Норвегия Россиянын Ослодогу элчилигинде иштеген 15 дипломатты "тыңчы" деген шектенүү менен өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Тышкы иштер министри Анникен Хуйтфельдт бул чечимди "Россиянын чалгындоо иштеринин Норвегиядагы таасирин азайтуу жана ага каршы күрөшүү жана муну менен улуттук кызыкчылыктарды камсыздоо үчүн маанилүү чара" деп билдирди.

Хуйтфельдт «кааланбаган киши » деп жарыяланган 15 орус дипломатынын мүмкүн болушунча тез арада өлкөдөн чыгып кетиши керектигин баса белгилеп : «Норвегия үчүн визага кайрылган чалгындоо кызматкерлерине виза бербейбиз»,- деди.

Хуйтфельдт өкмөттүн белгилүү бир окуяга таянып чечим кабыл алганы тууралуу кенен маалымат берген жок жана өлкөнүн Ички чалгындоо кызматы PST бул темада керектүү билдирүүнү жасай турганын айтты.

Чыгарылган дипломаттардын ишмердүүлүгү алардын дипломатиялык статусуна туура келбегени айткан Хуйтфельдт :"Кеп жөн гана дипломаттар тууралуу эмес, дипломатияга жамынып чалгындоо иштерин жүргүзгөн чалгындоо кызматкерлеринен сөз кылып жатабыз",- деди. 

Бир тараптан Россиянын Норвегиядагы элчилиги бул чечимди «душмандык кадам» деп мүнөздөдү жана ага каршы «жооп кайтаруунун» болоорун жарыялады. Хуйтфельдт буга каршылык көрсөтүп : "Россиянын жооп бериши үчүн эч бир себеби жок. Россияда норвегиялык дипломаттарыбыз бар бирок эч бири чалгындоо кызматкери эмес",- деди. 

Хуйтфельдт өлкөсүнүн Россия менен нормалдуу дипломатиялык мамиле түзүүнү каалагандыгын билдирип : "Дипломат экендигин айтып   бирок чындыгында чалгындоо кызматкери болгон адамдарды каалабайбыз», - деди.

Норвегия өткөн жылы чалгындоо кызматкери экендигин айткан 3 орус дипломатты өлкөдөн чыгарган.

 

 

 



Тектеш кабарлар