Мексикада жүк ташуучу унаадан 209 мыйзамсыз мигрант ыкты
Мигранттардын Гватемала, Сальвадор, Эквадор жана Гондурастан экени тууралуу маалымат берилди.
Мексиканын Веракрус штатында кароосуз калган жүк ташуучу унаадан 209 мыйзамсыз мигрант чыкты.
Улуттук Миграция Институтунун (INM) билдирүүсүндө, Нуэво Теапа провинциясындагы Вильяхермоса-Коатзакоалкос шоссесинде жүк ташуучу унаада көп сандаган иммигрант аныкталган.
Жүк ташуучу унаадн келген кыйкырык жана ызуу - чуулардан улам аракетке өткөн коопсуздук күчтөрү 209 мыйзамсыз мигрантты куткарды.
Мигранттардын Гватемала, Сальвадор, Эквадор жана Гондурастан экени тууралуу маалымат берилди.
Араларында кичинекей жашта балдар да болгон мигранттардан 23 киши суусуздук жана кычкылтектин жетишсиздигинен ооруканаларга жаткырылды.
2022-жылы АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган мигранттардын саны 2 миллион 760 миң кишиге жеткени белгиленди.
Мексикалык жетекчилеринин маалыматы боюнча, өлкөдө 8,76 миллион документи жок мигрант жашайт.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 228 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.