Германия Польшанын арызын бекитти

Германиянын коргоо министри Борис Писториус малымат берди.

1974783
Германия Польшанын арызын бекитти

Германия Польша өкмөтүнүн Чыгыш Германия Улуттук Элдик Армиясынын (NVA) запастарынан Украинага 5 даана МиГ-29ду тапшыруу боюнча реэкспорт арызын бекитти.

Германиянын коргоо министри Борис Писториус темага байланыштуу малыматында: «Польшалык өнөктөштөрүбүзгө мурдагы NVA запастарынан 5 даана МиГ-29ду Украинага тапшырууга убада бере турганыбызды билдирүүгө кубанычтамын»,-деди.

Писториус: «Федералдык өкмөт катары бул биргелешкен чечимди кубаттайм. Бул да Германияга ишенсе болорун көрсөтүп турат», - деди.

Польшанын президенти Анджей Дуда Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 5-апрелде Варшавага иш сапары учурунда өз өлкөсүнүн бардык МиГ-29 учактарын Украинага тапшыра турганын билдирген.

Германия 2002-жылы Чыгыш Германия Улуттук элдик армиясынан (NVA) өткөрүп алган 23 даана МиГ-29 согуштук учагын Польшага саткан.

Германиядан мураска калган МиГ-29 учактарынан тышкары Польшанын инвентаризациясында мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзу жана мурдагы Чехословакиядан келген МиГ-29 учактары да бар.

Польшадан тышкары Словакия да Киевге 4 даана МиГ-29 учагын тапшырганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар