Финляндия альянска мүчө катары биринчи НАТО машыгуусун аяктады

Финляндиянын деңиз флоту билдирүү жасады.

1974937
Финляндия альянска мүчө катары биринчи НАТО машыгуусун аяктады

Финляндия германиялык жана португалиялык кемелердин Хельсинки портуна символикалуу түрдө токтошу менен альянстын мүчөсү катары биринчи НАТО машыгуусун аяктаганын жарыялады.

Финляндиянын деңиз флотунун билдирүүсүндө, Германиянын FGS Mecklenburg-Vorpommern жана Португалиянын NRP Bartolomeu Dias фрегаттарынын борбор калаа Хельсинкиде 16-апрелге чейин кала турганы маалымдалды.

Кемелер Хельсинкиге токтоордон мурда Финляндиянын жээк флоту тарабынан Финляндия булуңунда үч фин кемеси менен уюштурулган машыгууга катышты.

Ушундайча Финляндия альянска мүчө катары биринчи НАТО машыгуусун аяктады.

Түркия Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн ырастаган документти 1949-жылкы Түндүк Атлантика келишиминин сактоочусу Америка Кошмо Штаттарына өткөрүп бергенден кийин Финляндия 4-апрелде НАТОнун 31-мүчөсү катары альянска расмий түрдө кошулган.



Тектеш кабарлар