Джеймс Уэбб космостук телескобу түстүү деталдарды тартып алды

Американын космостук жана авиациялык мекемесинин (НАСА) Джеймс Уэбб космостук телескобу бир супернованын байкалган калдыктарында мындан мурда болуп көрбөгөндөй түстүү деталдарды тартып алды.

1975079

Супернова калдыктарын изилдеген окумуштуулар сүрөттөрдөгү жалтырак жашыл алкакты  Бостондогу Фенвей Паркынын шыктандыруусу менен "жашыл желмогуз" деп аташты.

НАСА  тарабынан бөлүшүлгөн жаңы сүрөт Джеймс Уэббдин супернова жарылуусу менен жок болгон  жана жарыгы жерге биринчи жолу 340 жыл мурда  жеткен 'Cassiopeia A' деп аталган газ жана чаң булутуна таандык экени жарыяланды. 

Галактикадагы эң жаш  супернова калдыктары болгондуктан, жер  жана космостогу көптөгөн телескоп тарабынан байкалганы билдирилген Кассиопея Анын Кассиопея топ жылдызында (Ханыша) 11 миң жарык жылы алыстыкта жайгашкандыгы жана калдыктардын   10 жарык жылына созулгандыгы билдирилди. 

'Cas A' деп да билинген калдыктан алынган сүрөттөрдүн илимпоздордун  жылдыз жарылууларынын кантип болгондугу тууралуу көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк бергени белгиленди.
 
Тектеш кабарлар