Россия 2 - апрелдеги жардыруунун Украина чалгындоосу тарабынан жасалгандыгын билдирди

Дмитрий Песков жардырууну "террордук акт" деп белгиледи.

1974527
Россия 2 -  апрелдеги жардыруунун Украина чалгындоосу тарабынан жасалгандыгын билдирди

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Санкт Петербург шаарында 2 -  апрелде болгон жардыруунун Украина чалгындоосу тарабынан уюштурулгандыгын билдирди. 

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө  Санкт Петербург шаарындагы кафеде болгон жардырууда орус блоггер Максим Фоминдин каза болгондугу, 50дөн ашуун кишинин жаракат алгандыгы эске салынды. 

Жардырууда  Фоминдин бутага алынгандыгы белгиленген билдирүүдө : "Бул террордук кол салуунун Украинанын атайын кызматтары жана чалгындоо кызматтары тарабынан уюштурулгандыгы белгиленди. Булардын арасында өлкө тышына качкан орус оппозициячылдар да бар. Фомин кылмышы Дарья Трепова жана украиналык диверсиялык террордук топтун мүчөсү, 1987 - жылы туулган Юрий Денисов тарабынан даярдалды.  Денисов ичинде жарылуучу зат болгон айкелчени Треповага жөнөткөн",- деп айтылды.

Денисовдун Украинанын атайын кызматтарынын көрсөтмөсү менен февраль айында Киевден Латвия аркылуу Москвага барганы белгиленип :"Денисов окуядан кийин 3-апрелде Армения аркылуу Түркияга учкан. Денисовдун эл аралык издөөгө алынуу процесси башталды»,- деп билдирилди. 

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында шектүү Дарья Трепова 3-апрелде кармалып, жардыргыч зат салынган айкелди кафеге алып келгенин мойнуна алган. Москванын Басманный райондук соту Трепованы 2-июнга чейин камакта калтырууга чечим чыгарган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жардырууну "террордук акт" деп белгилеп : "Бул террордук актынын пландоо процессине украин чалгындоосунун тиешеси бар деген маалымат бар",- деди.



Тектеш кабарлар