Орусия Канаданын жарандарына санкция киргизди

Тизмеде ар кандай деңгээлдеги саясатчылар, ошондой эле парламент депутаттары, активисттер жана спортчулар бар.

1974159
Орусия Канаданын жарандарына санкция киргизди

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 333 канадалык жаранга, анын ичинде саясий кызматкерлерге өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын кабарлады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Канада бийлигинин орусиялык жооптуу кызматкерлерге, саясатчыларга, журналисттерге, эксперттерге жана спортчуларга тынымсыз санкция киргизгени белгиленди.

Ушул себептен 333 канадалык санкция тизмесине киргизилип, алардын Орусияга кирүүсүнө “туруктуу” тыюу салынганы айтылган билдирүүдө, аталган ысымдардын тизмеси жарыяланды.

Тизмеде ар кандай деңгээлдеги саясатчылар, ошондой эле парламент депутаттары, активисттер жана спортчулар бар.

Орусия менен Канада маал-маалы менен бири-биринин жарандарына санкция киргизишүүдө.


Этикеткалар: #санкция тизмесине

Тектеш кабарлар