Дүйнөлүк банктан Украинага гранттык каражат

Бул долбоор менен орчундуу жабдуулар камсыздалып, электр энергиясын жеткирүү жана жылытуу инфраструктурасында зарыл болгон авариялык оңдоо иштерине колдоо көрсөтүлөрү айтылды.

1974374
Дүйнөлүк банктан Украинага гранттык каражат

Дүйнөлүк банк Украинанын энергетикалык инфраструктурасын оңдоого жардам бере турган долбоорго 200 миллион доллар гранттык каражат бөлөрүн билдирди.

Банктын билдирүүсүндө, аталган долбоор менен орчундуу жабдуулар камсыздалып, электр энергиясын жеткирүү жана жылытуу инфраструктурасында зарыл болгон авариялык оңдоо иштерине колдоо көрсөтүлөрү айтылды.

Долбоордун каражаты Украинага жардам, калыбына келтирүү, реконструкциялоо жана реформалоо фонду тарабынан камсыздала турганы, долбоордун масштабы кеңейген сайын гранттар жана башка салымдар аркылуу 300 миллион долларга чейин кошумча каражаттын да карала турганы билдирилди.

Күз жана кыш айларында Украинанын электр инфраструктурасынын 50 пайыздан ашыгы бузулганына көңүл бурулуп, мунун өлкө боюнча электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына, тамак-аш, жылуулук жана суу тартыштыгына себеп болгону баса белгиленди.

Билдирүүдө болжолдуу керектөөлөрдүн 11 пайызын түзгөндүктөн энергия тармагын калыбына келтирүүнүн Украина өкмөтү тарабынан 2023-жылга белгиленген эң маанилүү приоритет экени маалымдалды.

Билдирүүдө Дүйнөлүк банктын Украина үчүн бүгүнкү күнгө чейин 23 миллиард доллардан ашык чукул каржылык мобилизация кылганы жана бул каржылоонун 20 миллиард доллардан ашууну түрдүү долбоорлор аркылуу бөлүштүрүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар