Борбордук Жер Ортолук деңизинде 441 мыйзамсыз мигрант каза болду

IOMдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда мыйзамсыз мигранттар үчүн эң кооптуу транзиттик пункттардын бири болгон Борбордук Жер Ортолук деңизде каза болгондордун саны өсүүдө.

1974561
Борбордук Жер Ортолук деңизинде 441 мыйзамсыз мигрант каза болду

Эл аралык Миграция Уюму (IOM) 2023-жылдын биринчи чейрегинде Борбордук Жер Ортолук деңизинде 441 мыйзамсыз мигрант каза болгонун жана бул «2017-жылдан бери бир чейрек ичинде катталган эң жогорку өлүм» болгонун жарыялады.

IOMдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда мыйзамсыз мигранттар үчүн эң кооптуу транзиттик пункттардын бири болгон Борбордук Жер Ортолук деңизде каза болгондордун саны өсүүдө.

IOMдун дайынсыз жоголгон мигранттар долбоору үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 441 мыйзамсыз мигранттардын өлүмүн документтештирип, бул болсо «2017-жылдан бери жылдын чейрегинде катталган эң жогорку өлүм» деп билдирди.

Борбордук Жер Ортолук деңизинде уланып жаткан гуманитардык кризистин чыдагыс абалга жеткенин белгилеген IOM башкы директору Антонио Виторино: «2014-жылдан бери бул каттамда 20 000 адамдын өлүмү катталган. Мен бул абал көнүмүш болуп калды деп корком. Өкмөт тарабынан издөө-куткаруу иштеринин кечеңдеши адам өмүрүн жоготууга алып келет. Деңизде адам өмүрүн сактап калуу мамлекеттердин мыйзамдуу милдети. Издөө жана куткаруу иштеринде, мамлекет тарабынан жетектелген жигердүү иштерди биз көрүшүбүз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар