Польшанын премьер - министри АКШда

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Европанын эң күчтүү армиясын түзүү үчүн Американын коргонуу өнөр жайы менен кызматташууну каалагандарын билдирди.

1973863
Польшанын премьер  - министри АКШда

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Европанын эң күчтүү армиясын түзүү үчүн Американын коргонуу өнөр жайы менен кызматташууну каалагандарын билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын  вице-президенти Камала Харрис расмий жолугушуулар үчүн Вашингтонго барган Польшанын премьер-министри Моравецки менен Ак үйдө биргелешкен пресс –жыйын өткөрдү.

Россия - Украина согушунун алкагында Украинага колдоо көрсөтүүдө, украиналык качкындарды кабыл алууда жана НАТОнун чыгыш канатын коргоодо Польшанын маанисине көңүл бурган Харрис, АКШ менен Польшанын ортосундагы карым-катнаштардын күчтүү экендигин айтты.

"Польша негизги союздашыбыз, өнөктөш жана досубуз. Биздин Польша менен жалпы артыкчылыктарга жана баалуулуктарга негизделген туруктуу мамилебиз бар", - деди Харрис.

Матеуш Моравецки Варшава менен Вашингтондун батыш цивилизациясынын эки уюлу экендигин айтып,  дүйнөнүн көп жерлеринде биргелешип иштөө керек деген көз карашын бөлүштү.

Украинага берилген колдоонун маанисине токтолгон Моравецки, Украина согушунан улам АКШ менен бирге өлкөсүндөгү инфляциянын жогорулашына жана энергия бааларына көңүлдөрдү бурду.

«Орус империализминин кайрадан жаралышы жаңы  кансыз согуштун кабарчысы»,- деген Матеуш Моравецки эгер Украина колдоого алынбаса, глобалдык кагылышуунун  чыгуу коркунучу бар экендигин айтты.

Польшанын коргонуу чыгымдарынын көбөйгөнүнө көңүл бурган Моравецки өлкөсүнүн Европа коопсуздугунун негизги күчү болууну каалагандыгын белгилеп : «Польша Европанын эң күчтүү армиясын курууну каалайт. Ошондуктан дүйнөдөгү эң өнүккөн коргонуу өнөр жайы болгон Америка өнөр жайы менен кызматташууну каалайбыз»,- деди.  



Тектеш кабарлар