Боррель COVID-19га чалдыкканы үчүн Кытайга сапарын жылдырды

Боррель өзүн жакшы сезип, оорунун белгилери байкалбаганын түшүндүрдү.

1973918
Боррель COVID-19га чалдыкканы үчүн Кытайга сапарын жылдырды

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Ковид-19га чалдыккандыктан Кытайга сапарын кийинкиге жылдырганын маалымдады.

Социалдык медиадан билдирүү жасаган Боррель Ковид-19 тестинин оң чыкканын айтып: «Ушул себептен тилекке каршы Кытайга сапарымды кийинкиге калтырууга туура келди»,-деди.

Боррель өзүн жакшы сезип, оорунун белгилери байкалбаганын түшүндүрдү.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Евробиримдиктин комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин өткөн аптада Кытайга жасаган иш сапарынан кийин Евробиримдиктин Жогорку өкүлү Боррель эртең Пекинге барууга камданып жаткан.

Европалык лидерлердин Кытайга сапары, өзгөчө Макрондун кайтып келе жатканда берген маегиндеги билдирүүлөрүнөн улам көп сөз болду. Макрон “үчүнчү супер держава болууга” мүмкүндүк бере турган стратегиялык автономия үчүн Европа АКШга болгон көз карандылыгын азайтып, Кытай менен Тайвандын ортосундагы ыктымалдуу кагылышууга аралашпоосу керектигин айткан.

Евробиримдик комиссиясынын төрайымы фон дер Ляйен да Кытайга болгон сапарынын алдында бул өлкөнүн Украина менен согушуп жаткан Орусияга колдоо көрсөтпөшү керектигин билдирип, «Путиндин согушуна Кытайдын кандай мамиле кылары ЕБ-Кытай багытында чечүүчү фактор болот»,-деген.



Тектеш кабарлар