Түштүк Кореяда токой өртү менен күрөшүү улантылууда

Өрттөн кеминде 44 үй жабыркап, 300дөн ашуун тургун эвакуацияланды.

1973174
Түштүк Кореяда токой өртү менен күрөшүү улантылууда
g.kore orman yangini.jpg

Түштүк Кореянын деңиз жээгиндеги Гангнеунг шаарында көп сандаган үй зыянга учураган жана жүздөгөн адамдын эвакуацияланышына себеп болгон токой өртү менен күрөшүү иштери жүрүп жатат.

Гангвон провинциясынын губернатору Ким Жин-Тае Гангнеунгдун борбордук бөлүгүндөгү тоолуу аймакта башталган өрттү өчүрүү үчүн аймакка 700дөн ашуун өрт өчүргүч жана 300 унаа жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

Өрттөн кеминде 44 үй жабыркап, 300дөн ашуун тургун эвакуацияланды.

Катуу шамал өрт өчүрүүчү учактардын кыймылына тоскоол болгондуктан  топтордун өрткө кийлигишүү иштерин кыйындатууда. 

 

 



Тектеш кабарлар