Мьянма армиясынын абадан соккусу

Атын атагысы келбеген бир күбө, кол салуунун жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 чамасында согуштук учактар ​​менен башталганын, андан соң аймак тик учактар ​​менен аткыланганын айтты.

1973224
Мьянма армиясынын абадан соккусу

Мьянма армиясынын бир кыштакка жасаган абадан соккусунан кеминде 53 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Би-Би-Си кол салууга дуушар болгон айылдын тургундарына таянып берген кабарына караганда, Мьянманын Сагаинг аймагындагы Па Зи Ги кыштагына жасалган аба соккусунан кеминде 53 киши, анын ичинде 15 аял жана көп бала набыт болду.

Атын атагысы келбеген бир күбө, кол салуунун жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 чамасында согуштук учактар ​​менен башталганын, андан соң аймак тик учактар ​​менен аткыланганын айтты.

Кол салуунун болжол менен 20 мүнөткө созулганын белгилеген күбө, каза болгондордун санын так билбегендерин жана бул сандын мындан да көп болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Мьянма армиясынын абадан кол салуусунун, тегеректеги аймактардан көп сандаган кишинин Па Зи Гидеги Элдик коргонуу күчтөрүнүн кеңсесинин ачылышына катышкан күндө жасалганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар