Израиль аскерлери 2 палестиналыкты өлтүрдү

Израиль аскерлери Батыш Шериада мыйзамсыз жөөт конушунун жанында 2 палестиналыкты өлтүрдү.

1973319
Израиль аскерлери 2 палестиналыкты өлтүрдү

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада мыйзамсыз жөөт конушунун жанында 2 палестиналыкты өлтүрдү.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарына жакын жердеги мыйзамсыз жөөт отурукташкан жерлеринин бири Элон Морехде Израилдин коопсуздук пунктуна куралдуу кол салуу жасалганы белгиленди.

Билдирүүдө 4 палестиналыктын бара жаткан унаадан ок чыгарганы айтылып, жакын жердеги израилдик аскерлердин ок менен жооп беришинде эки кишинин каза болгондугу билдирилди.

Калган эки адам окуя болгон жерден качып кетип, жарадар болушу мүмкүн экени айтылды.

Билдирүүдө окуяда Израиль күчтөрүнө эч кандай зыян келбегени, окуя болгон жерде кол салууда 3 курал табылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар