Песков Франциянын ортомчу болуу аракетине сереп салды

Песков, баш калаа Москвада журналисттерге маалымат берди.

1972564
Песков Франциянын ортомчу болуу аракетине сереп салды

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Франциянын Украина маселесинде ортомчу ролун талап кыла албасын айтты.

Баш калаа Москвада журналисттерге маалымат берген Песков, Франциянын Орусия менен Украинанын ортосунда ортомчулук ролду милдеттенүү аракетине сереп салды.

Песков: «Париж ортомчу ролун талап кыла албайт, анткени кагылышкан тараптардын бирине болушууда. Ошондой эле Париж Украина маселесине кыйыр жана түздөн-түз тиешеси бар»,- деди

Песков ушул себептен улам Франциянын ортомчу ролун карап чыгуунун кыйын экенин айтты.

Кытайдын, Тайвань аралынын айланасында аскердик машыгууларды уюштурганына да көңүл бурган Песков, Кытайга каршы провокациялык кыймылдардын жасалып жатканын билдирди.

Песков: «Албетте, Кытайдын бул провокациялык аракеттерге эл аралык укукка ылайык аскердик маневр менен жооп кайтарууга суверендүү укугу бар»,-деди .

Кремлдин басма сөз катчысы Песков Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн бул маселе боюнча укуктарынын сакталышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар