Канадада болгон бороондо эки киши каза болду
Квебектин премьер-министри Франсуа Лего кулаган дарактын астында калган бир адамдын каза болгонун билдирди.
Канаданын Квебек жана Онтарио провинцияларында болгон катуу бороондон эки киши каза болду.
Квебектин премьер-министри Франсуа Лего кулаган дарактын астында калган бир адамдын каза болгонун билдирди.
Онтариодо да бир адам кулаган дарактын астында калып каза болду.
Квебек жана Онтарио провинцияларында таасирдүү болгон бороондон улам 1 миллиондон ашуун киши электр энергиясыз калды.
Гидро Квебек электр компаниясынын билдирүүсүндө электр жарыгы маселесинин 70 пайызынын эртең кечинде чечүүгө аракет кылынганы билдирилди.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо эгер зарыл болсо, Квебек менен Онтариого федералдык колдоо көрсөтүлүшү мүмкүн экенин айтып : "Бул абдан оор учур... Электр жарыгы өчүп, бак-дарактар кулап, имараттар жана унаалар жабыркады. Тилекке каршы, мунун баары тынчсыздандыруучу. Бак -дарактар кулап, адамдардын өмүрүнө зыян келтирип жатканын көрүп жатабыз Бул көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн эң оор Пасха жумасы болот" деди.
Канаданын метеорологиялык кызматы катуу бороон, ылдамдыгы саатына 90 километрге жеткен катуу шамал, мөндүр жана чагылгандын түшөрүн эскертти.